Декларация: ЖКнын депутаты Нуркамил Мадалиев былтыр 175 миң сом киреше тапкан
Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев 2012-жылы 175 424 сом киреше тапканын тапшырган декларациясында көрсөттү. Депутаттын 120 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үйү жана 6 сотых жер тилкеси бар. Ал эми жакындары былтыр 9980 сом киреше табышса, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалымат берилген эмес. Айта кетсек, Мадалиев ЖКнын депутаты катары 2013-жылдын 6-февралынан бери иштөөдө. Ал экс-депутат, учурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун бошогон ордуна депутат болуп бекитилген.