Роза Аманова жетектеген окуу жайдагы чыр пакистандык студенттердин керебет талашуусунан улам чыкканы айтылды

Кечээ, 14-октябрда Кыргыз Эл артисти, ырчы Роза Аманова жетектеп келген Бишкектеги Эл аралык медициналык окуу жайда окуган пакистандык студенттердин арасында пикир келишпестик болуп, ортолорунда чырдашуу орун алган. Ошол учурдагы студенттердин пикир келишпестигин чагылдырган чакан тасма социалдык тармактарга тараган.

Белгилүү болгондой, Пакистандан келген студенттер университеттин жатаканасында жашашат. 2 студент эки кабаттуу керебеттен орун бөлүшө албай койгон. Алар керебеттин үстүңкү кабатын талашып, бири-бирине орун бошоткусу келбей, аягы чыр-чатакка алып келген.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган окуу жайдын илимий кызматкери Медер Алиев айтып берди.

“Пакистандан келген студенттердин арасында кечээ, 14-октябрда чыр чыккан. Пикир келишпестик алардын жатаканадагы керебеттерди талашканынан улам болгон. Негизи биздин окуу жайдын жатаканасындагы керебеттер эки кабаттуу. Чыр чыккан учурда студенттер сырттагы жолду тосуп алышкан. Мындан улам аталган окуя маалымат каражаттарына тарап кеткен. Биз милиция кызматкерлери менен биргеликте окуяга убагында чара көрүп, токтоттук”, - деди Алиев.

Буга чейин Бишкектеги медициналык окуу жайда окуган студенттер арасында уруш чыкканы боюнча жазылган.

Ал эми Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча 30 студент кармалганын, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Анткени окуя орун алып жатканда окуу жайга тиешелүү буюмдар сынып талкаланган.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 63 жогорку окуу жайы бар. Алардын 31и мамлекеттик, калганы жеке менчик окуу жайы болуп эсептелинет. Булардын ичинен медициналык билим берген окуу жайларынын саны ондон ашат.

Ал эми белгилүү ырчы, дастанчы Роза Аманова жетектеген Эл аралык медициналык окуу жайында учурда 2 миңден ашуун студент билим алууда. Аталган окуу жайында окугандардын көпчүлүгү чет мамлекеттен келген студенттер болуп, алардын басымдуу бөлүгүн Пакистан, Индия өлкөлөрүнөн келген студенттер түзөт.

Керебет талашышкан: Бишкекте окуган пакистандык студенттердин чыры
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aliza_96
2019-10-17 11:46:12
Ырчы,дастанчынын медициналык окуу жайга кандай тиешеси бар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан