Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон шектүүгө дагы бир айып кошулду.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыпталуучунун апасы Жыпаркүл Иманкалиева айтып берди.
"Ушул жумада уулумду экспертизанын жыйынтыгы чыкса эле абактан чыгарабыз деп айтышкан. Алар ыйлабай туруңуз жакшы кабар айтабыз дешти эле. Кечээ кечинде жактоочуну чакырып эле ызы-чуу түшүп калышты. Мен баламды бошоткону жаткан экен деп барсам, кайдан алар уулумду бошотпой эле кайра эле жаңы кылмышты илгени жатышыптыр. Анткени тиги уурдаганы акталып чыгып калды да. Алар ойлонуп баламды чыгарбоонун айласын кылып, 2018-жылы башка бирөөнүн үйүнө киргенсиң, уруулук кылгансың, ошол жерде ноутбук жана телефон уурдалган деп айып коюшуптур", - деди Иманкалиева.
Анын айтымында, 16-октябрда тергөөчү Октябрь РИИБине чакырган. Анда шектүүгө 2018-жылы тонолгон батир боюнча кылмыш иши козголуп жатканы тууралуу билдирүүнү берген.
Буга чейин Жыпаркүл Иманкалиева эч кимге ишенбестигин, бир гана үмүтү президентте калганын айтып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жазган.
Эскерте кетсек, буга чейин Октябрь РИИБине Мирбек Атабековдун апасы кайрылып, 2019-жылдын 6-майга караган түнү саат 01:45 чамасында үйүнө бет капчан уруу кирип, 60 миң доллар жана алтын жасалгаларды уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ал эми 29-августта шектүүлөрдүн бирөөсү 1995-жылы туулган Б.М. кармалган.