Ош шаарында мейманканалардын бирине ташталган ымыркайдын атасы делген 25 жаштагы жаран сурак берип, анда "бала меники эмес" деп айткан. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Окуя 15-октябрда болгон. Анда шаардагы мейманканалардын биринин кызматкери милицияга эшикте 4-5 айлык наристени таштап кетишкени боюнча кабар берген. Окуя катталган жерге ыкчам-тергөө тобу барып, наристенин аты-жөнүн тактап, ал ушул жылдын май айында төрөлгөнү аныкталган.