Түрк тилдүү мамлекеттердин "Евразия" жазуучулар биримдиги, "Кардеш калемлер" журналы жана Кыргызстандын "Жаңы Ала-Тоо" адабий журналы жарыялаган "Махмуд Кашгари" аңгемелер сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Жашыруун добуш берүү жолу менен 1-орунга журналист Айдарбек Сарманбетовдун "Сетер" аңгемеси татыды. 2-орунду "Сулуу" аңгемеси менен жазуучу, журналист Элмира Ажыканова ээлесе, 3-орунга "Ыйман кемик" аңгемеси менен Ракманберди Маманов илинди. Ошондой эле кызыктыруучу сыйлыкка "Сүрөт" аңгемеси (автору Дүйшөке Дөкөнбаев) жана "Кош канат" аңгемеси (автору Олжобай Шакир) ээ болду.