Актёр Рүстөм Аскенов бойдокчулук менен коштошту. Ал SUPER.KG порталына Гүлзада Мүзүралиева аттуу кызга баш кошконун айтты.
"Биз Гүлзада экөөбүз бир жыл мурун таанышканбыз. Ал И.Арабаев атындагы окуу жайда бухгалтердик кесип боюнча билим алат. Гүлзада Таластын кызы болот. Кечээ аны Таласка барып, алып келдик. Буюрса, үйлөнүү үлпөт тоюбуз 31-октябрда өтөт", - дейт Рүстөм Аскенов.
Рүстөм Аскенов 1991-жылы 4-октябрда Бишкек шаарында туулган. Кесиби боюнча тиш доктур. Бирок кичинесинен эле чыгармачылыкка кызыккандыктан, мындан 9 жыл мурун "Тамашоуга" келген. Көпчүлүк адамдар аны "Бир мешок акча" тасмасындагы ашпозчунун ролу аркылуу таанышат.