Ош облустук ооруканасынын короосунан жансыз дене табылды. Болжол менен ал короодо жатканына бир жарым айдай убакыт болгон

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын короосунан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дене 26-октябрь күнү саат 11:30 чамасында табылган.

"Маркум болжол менен 35-40 жаштарда. Анын короодо жатканына болжол менен бир жарым айдай убакыт болгон. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, маркумга тийиштүү экспертизалар дайындалды. Азыркы тапта анын аты-жөнү такталууда. Денесинде көзгө көрүнөрлүк эч кандай күч колдонуу белгилери жок", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
madina.87
2019-10-28 12:28:40
Өмүр сакчылары,бир жарым айдан бери короодо жаткан өлүктү кантип көрүшпөдү тооба кылдым.
Санитаркалар короо шыпырып,бир айда бир болсо да субботник болот го.

+13
sainazarov0555
2019-10-28 12:38:23
Балким селсаяктыр, короодо жатып жургонуно жарым ай болгондур.
-1
Dembele84
2019-10-28 15:22:55
Селсаяк болушу мумкун ошол короодо жашап жургон,бирок ушунча убакыт эч Ким корбогону тан калыштуу
-1
KG.Kushtarbek
2019-10-28 19:25:08
Докторлорга законду кучтууу кылыш керек Ак уйдогулор Кобуроок кобуроок докторлурды караш керек Биздин докторлар карманга карайт.Антын ошо куну кечисине унутат
+1
AiperiO
2019-10-28 21:24:04
Кантип корушподу экен. Байкуш, ооруканага даарыгерлерден умут кылып келип, эч Ким кобойтуп, олуп калбады бекен...
-1
katerina.li
2019-10-29 10:05:13
Силер эмне айдан тушкон Айдансынарбы?? Биздин врачтарды билбейсинерби?? Акчасы ,бара турган жери жок бир байкуштурда. Анан ошондой кишини доктурлар балээсине карачы беле?? Тимеле "кантип корушподу экен"деп момун болуп каласынар. Акча жок болду бир соз. Врачтардын журогу таш азыркы заманда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан