Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан аскер кызматкери каза болду

Бүгүн, 30-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунда, тагыраагы Сокулукта жол кырсыгы катталып, аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматынан билдиришти.

"30-октябрда болжол менен саат 11:30 чамасында лейтенант Э.Ж. жеке унаасы менен бара жатып, башка унаа менен кагылышуудан качам деп, каршы тилкедеги унааны сүзүп алган. Каршы тилкеде келе жаткан унааны аскер кызматкери башкарып келе жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча экинчи унаада капитан Н.И. отурган. Кырсыктын кесепетинен капитан Н.И. Сокулук райондук ооруканасында көз жумган. Ал эми лейтенант Э.Ж. оор абалда ооруканага жеткирилди” , - деди басма сөз кызматынан.

Кырсык тууралуу Аскер прокуратурасына билдирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан