"Сурабалдиева, Икрамов, Акаев, Момбеков сыртка чыккыла". Ак Үйдүн астында нааразычылык акциясы өтүүдө

Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаарында, Ак-Үйдүн астында митинг өтүүдө. Ага жер тилкелерибизди мыйзамдаштыра албай жүрөбүз деген 40тай адам келди.

Топтолгондор мындан 5-6 жыл мурун Сокулуктун Военно-Антоновка айылынан жер тилкесин алышып, ошол жерлерге бүгүнкү күнгө чейин үй сала албай жатышканын айтышат. Себеби аны мыйзамдаштыруу иштери ишке ашпай келет.

Топтолгон жарандар бул багытта иш алып барган депутаттардын сыртка чыгып, алардын көйгөйүн угуусун талап кылышууда. Айтымдарында, буга чейин да бул маселени көтөрүп келишкен, бирок жыйынтык болбой келет. Нааразы болуп жаткан тургундар, үй салууга уруксат берилбей жатканын айыл өкмөттөгүлөр ал жерлер багбанчылык багытындагы жер аянты деп айтып жатышканы менен түшүндүрүүшүдө. Арасында ал жер тилкесин 5 миң долларга сатып алганбыз дегендер да бар.

Жер тилкесин мыйзамдаштыра албай жүргөндөр митингге чыкты
"Акчага жер тилкесин сатып алганбыз, үй курууга уруксат болбой жатат" деген тургундар митингге чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kyrgyz-jigit.com
2019-10-31 12:07:57
Ушинтип жерлерди басып алып анан мыйзамдаштырып бергиле деп док кылгандар жадатты. Мыйзамдаштырууну талап кылсанар демек сугат жерлерди эле басып алгансынар. бардык эле жерди трансформация кыла берсек жан калабы мамлекетте. "Ууру кучтуу болсо ээсин доого жыгат"
+14
katerina.li
2019-10-31 12:29:03
Башка депуттарды деле чык дешпейби
+3
Absamat-90
2019-10-31 13:53:46
Митинге чыккандардын плакаттары коп нерседен кабар берет, анткени жонокой жарандар жонокой батманга жазып чыгат. Бул жерде булардын артында ото "спонсору" кучтуу экени байкалып турат.
+5
Flowhive
2019-10-31 18:02:18
Absamat-90, туура айтасыз
+1
altyn-kumush
2019-10-31 13:57:10
Мындай мыйзамсыз иштерди кылса анан мыйзамдаштыргыла деп дагы өкмөт менен депутаттардан талап кылганы кандай???
+1
Ernestinio
2019-10-31 14:06:47
захват кылып алсанар конечно документтери жок болот да. незаконно алып алып кайра закондоштургула дейсинер да
+2
talas0707
2019-10-31 14:38:53
Эмнеге булар? Же ушулар сатыптырбы жерлерди? Же саясаттын оюну башталды кереги жок депутаттарды кийинки шайлоого катыштырбоо боюнча.
+1
rafo80
2019-11-01 02:34:45
talas0707,Туура айтасын, бул жерде саясий тапшырма аткарып жатышат. Эмнеге жалаң көзгө көрүнүктүү депуттарды чыккыла деп калгандарын айтпайт. Элитный депутат чыкса болбойбу, уялчаак депутат чыкса болбойбу?
+2
taalay25
2019-11-01 10:06:33
Документи бар жерди албайт беленер анда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан