Ички иштер министрлигинин Ички аскер кызматынын аталышы өзгөрдү

Ички иштер министрлигинин Ички аскер кызматы ички коопсуздук кызматы болуп түзүлдү. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгондугун ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 2014-жылы Ички Аскерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумундагы Улуттук Гвардиянын курамына киргизилген. Ички Аскердин Улуттук Гвардиянын курамында болуусу алардын өлкөнүн ички коопсуздугун камсыздоо боюнча күжүрмөн кызматтык тапшырмаларын аткарууда мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгон.

Мындан улам коомдук тартипти, коомдун жана жеке инсандын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик тутумун жакшыртуу максатында президенттин жарлыгы түзүлгөн. Анда Улуттук Гвардияга мурда берилген штаттын, документтердин, имараттардын, курулуштардын, материалдык-техникалык каражаттардын жана башка мүлктөрдүн эсебинен Ички иштер министрлигинин Ички Аскерин түзүү сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан