"Манас" эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан мыкаачылык менен өлтүргөн жарандын өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралууИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, маркум Чүй облусунун жараны, ал таксист болуп иштеп келген.
"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул ишке шектүүлөр кармалды. Алар 27 жаштагы Чүй облусунун тургуну, мурда уурулук жана зордуктоо боюнча соттолгон Б.Ч. жана 32 жаштагы Ош облусунун тургуну мурда баңгизатын сактоо жана аткезчилик менен соттолгон И.А. аттуу жарандар. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жарандар 2018-жылдан бери жатак абакта жаза мөөнөттөрүн өтөп келишкен. Учурда бул ишке шектелип дагы бир жаран изделүүдө. Ал Ош облусунун 28 жаштагы тургуну М.А. аттуу жаран. Ал мурда "бейбаштык" беренеси менен соттолгон. Учурда шектүү жарандар өлкө аймагында жасалган башка дагы оор кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле ИИМ жатак абакта жазасын өткөрүп жаткан жарандар акыркы убакта өтө оор кылмыштарга шектелип жатканын айтып, көзөмөлдүн жоктугун кошумчалады.