Кыргызда "алма сабагынан алыс түшпөйт", "аккан арыктан суу агат" деген кеп бар. Анын сыңары кыргыз кино чөйрөсүндө ата жолун жолдоп келген уулдар бар. Бул ирет биз киночулар династиясына кайрылдык.
Операторлор династиясы. Кыдыралиевдердин баяны Кыргыз ССРинин Эл артисти, советтик жана кыргыз кинооператору, режиссёру Кадыржан Кыдыралиевден башталат. Ал кыргыз керемети болгон "Көк серек", "Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Улан", "Жамиля", "Мен - Тянь-Шань" жана башка белгилүү тасмаларга операторлук кылган.

Атасынын жолун уулу Хасан Кыдыралиев улап, "Селкинчек", "Бешкемпир", "Свет аке", "Рэкетир", "Жаужүрек мың бала", "Ликвидатор", "Абай", "Мергенчи" жана башка белгилүү казак-кыргыз тасмаларына операторлук кылган. Хасан Кыдыралиев учурда Казакстандын эң абройлуу операторлорунун бири деп саналат. Ага кино тарттыруу үчүн режиссёрлор кезекке турары маалым.

Хасан Кыдыралиевдин уулу Жантай Кыдыралиев да чоң атасынын, атасынын жолун жолдоп келет. Ал көбүнчө атасы тарткан казак-кыргыз тасмаларында: "Жаужурек мың бала", "Рэкетир-2", "Свет аке", "Томирис" жана башка тасмаларда экинчи операторлук кызмат аткарып, Руслан Акун режиссёрлук кылган "Апамды издеп-2" тасмасын өзү тарткан.

Актёрлор династиясы. Кыргыз Эл артисти Болот Бейшеналиев кыргыз кереметин жараткан таланттардын бири. "Биринчи мугалим" (Дүйшөн), "Ак мөөр" (Болот), "Саманчынын жолу" (Касым), "Жамиля" (сүрөтчү). Бул кыргыздын керемет тасмалары. Болот Бейшеналиевдин жараткан ар бир ролу көрүүчүнүн көз алдында сакталып калган. Андан сырткары "Ленфильм", "Мосфильм, "Өзбекфильмде" роль жаратып, жалпысынан Орто Азия боюнча 100дөн ашык тасмага тартылган.
Болот Бейшеналиевдин учугун улап келаткан уулу Азиз Бейшеналиев да азыр чыгаан актёр. Орусиялык «Побег-2», «Параграф 78» сериалдарына, өзбек, казак режисссёрлору тарткан "Лектор", "Байлык" сериалдарына тартылып, Сергей Бодровдун "Көчмөн" тасмасында роль жараткан. Азиз учурда эң кымбат орусиялык актёрлордун катарына кирет.
Режиссёрлук да, актёрлук да таланты бар Абдыкалыковдор
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Актан Арым Кубат "Бешкемпир", "Маймыл", "Свет аке", Кентавр" тасмаларынын режиссёру катары таанымал. Анын тасмалары эл аралык кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келет. 2016-жылы Актан Арым Кубат Азиянын мыкты режиссёрлорунун катарына кирген. Ал эми «Бешкемпир» тасмасы Пусан кинофестивалынын версиясы боюнча, Азиядагы 100 мыкты тасманын бири деп аныкталган. Башка режиссёрлордон өзгөчөлөнүп, Актан Арым Кубат актёр катары да жакшы ролдорду жаратып келет. "Свет аке", "Кентавр" тасмаларында ал башкы каармандын ролун жараткан.

Мирлан Абдыкалыков да атасынан кем калбай актёрлук, режиссёрлук талантын көрсөтүп келет. Эң алгач коомчулук Мирланды "Маймыл" тасмасынан тааныган. Андан кийин Мирлан мырза кино чөйрөсүндө режиссёр катары ишмердүүлүгүн улап келет. Режиссёрдун дебюттук толук метраждуу "Сүтак" тасмасы Кыргыз өлкөсүнө алгачкы "Ника" сыйлыгын алып келген. Анын артынан "Жөө күлүк" тасмасын тартып, бир нече эл аралык сыйлыктарга татып, өлкөбүздүн атын чыгарып келет.
Режиссёрлор династиясы. Режиссёр Эрнест Абдыжапаровду билбеген кыргыз болбосо керек. Ал калың журтка сиңип калган "Боз салкын", "Айыл өкмөтү" тасмаларынан баштап "Такси жана телефон", "Саякбай", "До+Фа", "5000 сом", "Кекеч", "Саякбай" жана башка тасмаларды тарткан.
Эрнест Абдыжапаровдун жолун уулу Санжар Абдыжапаров жолдоп келет. Санжар "Аят", "Тозокко карай жол", "Участковый" тасмаларына режиссёрлук кылган. Ошондой эле "Кызыл көйнөкчөн", "Аят-2", "Мезгил жана Алыкул", "Президент жана бомж", "До+фа" жана башка бир топ тасмаларда операторлук кызматты аткарган.