Окумуштуулар: "Адамзатты "сансыз азап" күтүп жатат"

Окумуштуулар адамзатты "сансыз азап" күтүп жатат деп айтышты. Дүйнөнүн 153 өлкөсүнүн 11 миңден көп окумуштуулары адамзатты “сансыз азап” күтүп жатат деген документке кол коюшту. Эгер адамдар зыяндуу газдарды чыгарууну уланта берсе, аягы жакшылыкка алып келбешин эскертишти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, 40 жыл ичинде иликтенип келе жаткан маалыматтарга таянып, ушундай жыйынтыкка келишкен. Мында энергияны колдонуу, температуранын жогорулашы, калктын санынын өсүшү, мөңгүлөрдүн массасынын азайышы, зыяндуу газдардын көп болушу камтылган.

Документтин авторлорунун бири Сидней университетинин кызматкери Томас Ньюсомдун айтымында, окумуштуулар экологиядагы өзгөчө кырдаалдарды айтып, адамдардын моралдык карызын толуктоосу зарыл. Анын кесиптеши Уильям Риппл климаттын өзгөрүүсү изилдөөчүлөр күткөндөн дагы өтө тездик менен жүрүп жатканын кошумчалады.

Адистер адамзат дагы деле кандайдыр бир өлчөмдө мындай абалды өзгөртүүгө мүмкүн экендигин баса белгилешти. Алар глобалдык жылуулуктун ылдамдыгын азайтуудагы бир канча сфераларды айтышты. Окумуштуулар адамдарды зыяндуу газдарды чыгарууну азайтууну, токойлорду массалык түрдө жок кылуудан баш тартууга чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nevestkaa
2019-11-06 15:19:54
Баары кудайдын колунда!
+3
Sajakat14
2019-11-07 15:21:27
Nevestkaa,адамзат жаратылыш астындагы өзүнүн жоопкерчилигинен "Баары Кудайдын колунда" деп качып кете албайт! Биз жаратылышка кандай мамиле жасасак, жаратылыш ошого жараша жакшы же жаман жагына өзгөрөт!
+1
aiba.8327
2019-11-06 15:31:44
Мм де аз калды деп айтыша болмок экен ...
+2
katerina.li
2019-11-06 16:14:40
Туура айткан. Токойлор жер жузун аба менен камсыз кылып турат,четинен жок кыла берсек,чон кырсыктар болуп кетиши мумкун
+6
Antalyamanavgat
2019-11-06 21:41:06
Туура баары кудайдын колунда деп эле ар нерсени кыла бербеш керек кудай да сактанганды сактайт ушул боло турган нерселерди алдын алыш керек.
+8
Jacob.
2019-11-07 14:15:37
Кыяматтын жакындап калгандыгынын белгисидир...
+1
Tymar
2019-11-07 14:52:23
Jacob.
Кап каяктагы кыямат чала молдо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан