Ырчы Санианын шоу-чөйрөсүнө кадам таштаганына 4 жыл болду. Жакында SUPER TV`нын «Жылаңач баатыр» реалити-шоусуна катышып финалга чыгууга бир кадам калганда атаандаштарына өз эрки менен жеңилип берип көпчүлүктү таң калтырды.
«Бала бакчадан качып подъезддерге кирип алып ырдачумун. Орозо айы бүтсө деле пакетимди көтөрүп үйлөрдү кыдырып жарамазан айта берчүмүн. Апама ырдайт элем десем «өзүңдүн акчаң болгондо ырдайсың» деди. Ошол максатымды ишке ашырыш үчүн Москвага барып 2011-жылдан 2015-жылга чейин иштеп акча чогулттум. Официант болдум, СИМ-карта сатып, бирдик салып иштедим»,- дейт каарманыбыз.
Санианын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№888, 7-ноябрь, 2019-жыл) таба аласыз.