“Курманжан датка” тасмасындагы Кудаяр ханды, “Чиркин өмүр” сериалындагы орус мүнөз бала Марленди же болбосо “Аталар керээзи” тасмасындагы Эркинди эстесеңиз бүгүнкү каарманыбыздын жүзү элесиңизге тартылат. Бул жолу белгилүү актёр Жеңишбек Смановдун бейнесин ачып берүүгө аракет кылдык.
“Кинотасмаларга чакыруулар көп. Бирок баары эле терс каармандардын ролун сунуштай беришет. Ошол себептен терс каармандардын образына сиңип кетпесем экен”,- дейт Жеңишбек Сманов.
Актёрдун маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№888, 7-ноябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.