Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө автомобилдерди бажылык жол-жоболоштуруунун жеңилдетилген мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен 6-ноябрда автоунаа ташуучулар маалымат жыйын өткөрдү. Автоунаа ташуучулар 2019-жылдын аягында соңуна чыга турган бажылык жол-жоболоштуруунун жеңилдетилген мөөнөтүн дагы 3 жарым жылга узартуу талабын коюшууда.
Автоунаа ташуучулар ассоциациясынын президенти Нурбек Турсунбаевдин айтымында, Кыргыз өлкөсү 2014-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгондон тартып, 5 жыл ичинде автоунаа алып кирилген автомобилдерди бажылык жол-жоболоштуруунун төлөмдөрүн орното алган жобо кабыл алган. 2020-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБдин орноткон бажылык жол-жоболоштуруунун төлөмдөрү күчүнө кире баштайт.
"2014-жылы ЕАЭБге мүчө болгондон тарта 5 жыл ичинде жеңилдетилген мөөнөт берилет экен. Биз бул убакытты туура эмес пайдаланып алыптырбыз. Азыр өкмөткө жана башка бийлик органдарына кайрылып, мына ушул бажылык жол-жоболоштуруунун мөөнөтүн узарталы деп жатабыз. Тажрыйба жүзүндө карай турган болсок, Арменияда бул жеңилдетилген бажылык жол-жоболоштурууну туура пайдаланып жатат, алардын бюджетине жакшы акча түшүп жатат", - деди Турсунбаев.