Орусиялык "Голос" телешоусунун 8-сезонуна катышып жаткан ырчы Нуржигит Субанкулов 2-турга өттү. Кыргыз ырчысы катышкан долбоордун видеосу интернетке чыкты. Анда Нуржигит Субанкулов америкалык ырчы Рэй Чарльздын "I've Got a Woman" чыгармасын аткарды.
Кыргыз ырчысына калыстар тобунун мүчөсү, орусиялык ырчы, музыкант Валерий Сюткин өзүнүн жогору баасын берип, шакирти кылып тандап алды. Эми Нуржигит Субанкулов сынактын кийинки туруна катышат.
Долбоордун алып баруучусу орусиялык актёр Дмитрий Нагиев Нуржигит Субанкуловдун аткаруусуна суктанып, мактоо сөзүн айтты.