Эркин Сопоковдун ишин текшерүү үчүн түзүлгөн топ Стамбул шаарына учуп кетет

Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүмдөр аралык топ түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

"Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен түзүмдөр аралык топ түзүлдү. Ага Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана министрликтин өкүлдөрү кирген. Түзүлгөн топ мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Стамбул шаарына учуп кетет", - деп жазылат маалыматта.

11-ноябрда Стамбул шаарында "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон.

Бул окуядан улам Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулу Эркин Сопоков 12-ноябрда кызматынан бошотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан