ИИМдин өкүлү: "Саймаити 2017-жылы Кыргыз мамлекетинен жасалма паспорт аркылуу чыгып кеткен"

Бүгүн, 31-январда Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Анда депутаттык комиссиянын төрагасы Талант Мамытов Айэркен Саймаити деген ким, Кыргыз мамлекетине качан, кантип келгенин сурады.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдиргендей, Саймаити Кытайдын жараны 2004-жылы Кыргыз мамлекетине жеке ишкер катары келген. "Ош облусундагы Кара-Суу базарында ишкер катары катталган. Ал Кыргыз Республикасынан жасалма паспорт алды деп 2019-жылы 7-июнда аныкталган. Ошонун негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун паспорт берүү кызматынын өкүлүнө кылмыш иши козголгон. 2017-жылы жасалма паспорттун негизинде Казакстан аркылуу Түркияга чыгып кеткен", - дейт Каниметов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан