Айэркен Саймаитинин иши боюнча күбө: "Азаттыктын" кабарчысы жөнүндө сурап калсам, аны ыраазы кылам деп, кызматы үчүн акча бергендей сөз кылды"

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Учурда жыйындын танапистен кийинки бөлүгү башталып, күбөлөрдүн видеого сүйлөгөн жазуулары көрсөтүлүп жатат.

Сурак Бишкек шаарында 2019-жылдын 6-декабрь күнү алынганы видеонун башынан угууга болот. Саймаитинин иши боюнча күбөлөрдүн бири төмөнкүдөй сөздөрдү айтты. Ал өзүн деп Рустам Төрөбаев деп тааныштырган.

Күбөнүн айтымында, ал Мединада жашап, Меккеде 2018-жылдан бери котормочу жана гид болуп иштейт. Күбө Айэркен Саймаити менен Сауд Аравиянын Жидда шаарына умра зыяратына барганда таанышкан. Саймаити кийин дагы 2-3 жолу умрага келип кеткенин күбө билдирген.

"Айэркен Али менен телефон аркылуу сүйлөшүп калды. Ошол учурда мага үнүмдү чыгарбай турууну буюрду. "Эмнеге" деп сурасам, "мен интервью берем" деди. Анан мага телефонунан "Азаттыктын" "Миллиондор изилдейт" беле, ошондой деп турган видеону көрсөтүп калды. Андан кийин "Азаттыктын" журналисти Али менин досум болот, ал мага жардам берет" деди.

Ошол биринчи видео чыккандан кийин Айэркенге аялы Вуфули чалып, "мени иштериңе аралаштырба, өлүшүмдү каалап жатасыңбы, сага керек болбосом, балдарга керекмин, балдар жаш" деп жатты. Анан мен аялынын эмнеге ачууланып жатканын билгим келип сурадым. Айэркен мага "жасалган документтердин арасында аялымдын да аты бар эле" деди. Кайсы документти жасаганын көргөн эмесмин, бирок банк аркылуу акча которууларга байланыштуу экенин өзү айтып берген. Ал документтерди Айэркендин айтымында "Азаттыкка" берген.

Али менен жолугушканы жөнүндө кийин Айэркенден угуп калдым, ал Стамбулга келип учурашканын айткан. Бирок алардын жолугушуусун көзүм менен көргөн эмесмин. Ошол жолугушууда Али документтерди алган. Али жөнүндө сурап калсам, Айэркен аны ыраазы кылам деп, кызматы үчүн акча бергендей сөз кылды. Бирок анык сумманы айткан жок. Мен дагы аны тактап сурабадым, анткени ал суроо мага керексиз суроодой туюлду"
, - деди ал.

Тергөөчү сурак учурунда "Али деген ким? Токтакуновду айтып жатасыңбы?" деп тактаганда күбө адегенде фамилиясын билбей турганын, бирок журналист экенин билерин, аны берүү чыккандан кийин таанып калганын айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан