Оюн аяктады. Эсеп - 0:2
Оюнга 3 кошумча мүнөт кошулду.
Бекжан Сагынбаев жаракат алып калды. Анын ордуна Муролим Ахмедов кирди.
Чабуулчу Мурзаев чарчап калгандай. Бирок анын ордуна чыкканга оюнчу жок. Кооптуу абал жаратууга мүмкүн болбой жатат.
Фархат Мусабековдун ордуна Одилжон Абдурахманов оюнга кирди.
Мурзаев! Соккусун япон дарбазачысы тосуп кетти.
Кыргыз футболчулары аракет кылууда, бирок япондуктар коргонууда бекемдигин көрсөтүүдө.
Гол. 0-2. Генки Харагучи Бундеслиганын деңгээлин көргөзүп койду. Айып соккудан узатылган соккуну Кадырбеков тосо алган жок.
Мьянма Тажикстанды утуп алды, ал жакта оюн аяктады. Бишкекте 2-тайм башталды.
Жагымдуу жаңылык биз үчүн. Мьянма өз үйүндө Тажикстанды 4:3 эсебинде утуп жатат.
Нагаинин соккусу менен 1-тайм аяктады. Эсеп саны - 0:1. Азырынча.
Биринчи сары кагаз. Хироки Сакаи алды.
Йосиданын соккусу дарбазанын жанынан өттү. Голдон кийин күйөрмандар тынчып калды. Мындай учурда колдоо керек!
Калыстын суроо туудурган чечими жана пенальти. Минамино эсепти ачты.
Нагаи кайрадан башы менен сокку узатты. Юсупов эч жетишпей жатат.
Алыкуловдун аракети! Кайрадан бурчтан чыгарып берүү.
Эки команданын оюнчулары бири-биринен кем калышпай жатат. Ылдамдык жагынан япондуктар бербей жатат.
Алыкуловдун аракети менен бурчтан чыгарып берүү орун алды. Андан Шукуровдун соккусу дарбазадан өйдө кетти.
КутМэн экинчи жолу! Минаминонун соккусун тосуп кетти!
КутМэн! Өзү кооптуу абал жаратып, өзү сактап кетти. Биздин дарбазада кооптуу абал жаралды.
Алыкуловдун соккусу! Офсайд болуп калды.
Нагаинин соккусу! Башы менен узатылган сокку дарбазанын жанынан өттү.
Мурзаев! Соккусу күчтүү болбой калды. Дарбазачы оңой эле тосуп алды.
Оюн талаанын ортосунда жүрүүдө. Кооптуу абал эки жакта тең жарала элек.
Күйөрмандардын колдоосу менен кыргыз футболчулары оюнду баштады. Азырынча эки команда талаага көнүшүүдө.
Анда эмесе кеттик. Кыргыз өлкөсү менен Япония беттеши башталды.
Эки команда талаага чыкты. Азыр гимндер ойнотулат.
Оюнду уюштуруу иштери толугу менен Японияга берилгендей. Оюн талаасынын четиндеги турган стенддер толугу менен япондордуку орнотулган.
Командалар машыгуусун улантышууда.
Эки команда оюн алдындагы машыгууга чыгышты. Күйөрмандар стадионду толтурууда.
Виталий Люкс Өзбекстан менен болгон оюнда жаракатынан улам бул беттешке негизги курамга чыкпай калды. Чабуулда Мурзаев ойнойт.
Эки команданын старттык курамы белгилүү болду.
Бүгүн, 14-ноябрда кыргыз футболунда тарыхый окуя болот. Бишкекте Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Азиянын 4 жолку чемпиону Япония менен Кыргыз өлкөсү ойнойт.