Бүгүн, 14-ноябрь күнү ырчы Ислам Акматов сүйүктүүсүнө баш кошту. Бул маалыматты ырчы Айгерим Эшим тастыктады.
"Бүгүн кесиптешибиздин тою сонун өтүп жатат. Коноктордун 60 пайызы шоу-бизнес өкүлдөрү. Биздин "Чүйлүктөр ынтымагы" деген шеринебиз бар. Анда Ырыскелди Осмонкулов, Курал Чокоев, Адилет Азимов, Назель жана башкалар бар. Шеринелештер байкебиздин жакшылыгына аябай кубанып жатабыз. Ислам менен жубайы Оксананын таанышкандарына 1 жылдай болуптур. Эки жашка бүгүн айтылган баталардын баары кабыл болсун", - дейт ырчы Айгерим Эшим.