200 миң доллар пара алууга шектелген прокурор Улан Чалбаев 5 жылга эркинен ажыратылды

200 миң доллар пара алууга шектелген Башкы прокуратуранын прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаевга Биринчи Май райондук соту чечим чыгарды. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, чечимди кечээ, 19-ноябрь күнү Биринчи Май райондук соту чыгарып, анда Улан Чалбаев беш жылга эркинен ажыратылган.

2018-жылдын 16-апрелинде Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКдан кабарлашкан. Кармоо учурунда анын кан басымы түшүп кетип, "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери ага инсульт деген диагноз коюп, ооруканага алып кетишкен.

Буга чейин УКМК бүгүн, 20-ноябрда Улан Чалбаевдин иши сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bars88
2019-11-20 11:11:33
Аз эмеспи 5 жыл.Бир жарым жыл болуптур анысы 3жылга эсептелсе 2 жылы эле калыптырда
+4
Jaznura
2019-11-20 11:30:25
Мамлекеттин кызматта отуруп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган ар бир адамга мыйзам чегинде каралып кылмышына жараша жазасын тартууга тийиш.
+3
Saiit
2019-11-20 11:54:17
Раса женил жазаго! 200000$ эки колунда кесип анан 25 жылга эркинен ажыратуу керек болчу мындай арам корлорду!! Пазор эле арам акча менен айалынды балдарынды багам деп шеременда асынып эле олуп албапсын шерменде!!!
+3
Alimbek1000
2019-11-20 11:59:18
5 жыл аз болуп калыптыр. АШАнын буга окшогон паракор кадрларын көбүрөөк убакытка отургузуп мал-мүлкүн мамлекетке кайтарып алыш керек.
+3
Alimbek1000
2019-11-20 12:00:00
Атамбаевдин кадрлары бүт коррупция менен кармалып жатат... АШАчылар мамлекетти тонош үчүн эле келген окшойт мамлекеттик кызматка.
+3
aybek88
2019-11-20 12:36:25
Alimbek1000,тура соке баш болуп бут коррупционер
0
Absamat-90
2019-11-20 12:05:51
Чалабаев 200 минди кумга синген суудай жок кылып жиберген жок да, казынага кайтарды, 5 жыл жакшы эле го.
0
chake
2019-11-20 12:11:15
Казактар подстава кылып койду Дамирди
-4
Baku88
2019-11-20 13:11:46
200000$ эмненин негизинде алды экен мынча акчаны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан