Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамына кирбей турганын социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
"Жакында Түркияда каза болгон кытайлык ишкер Айэркен Саймаити тууралуу түрдүү сөздөр, ушак-айыӊдар айтылып келе жатканын билесиздер. Анын ишмердиги аралашкан окуяларга биздин үй-бүлөнүн атын дагы чаташтырып, атайын каралоо максатында даярдалган маалыматтар дагы чыгып жатты. Айэркен Саймаити өлгөндөн кийин анын ысымын бир нече адамдарга жабыштырып, кимдир-бирөөлөр кырдаалдан пайдаланып маалыматтык оюн кылып жаткансыйт. “Айрым депутаттар Айэркен Саймаити менен байланышы бар экен, чогуу сүрөткө түшүптүр” деген маалыматтар чыгууда. Мына ушулардын чын-бышыгын иликтөө үчүн комиссия түзүү демилгесин Алтынбек Сулайманов көтөрүп чыкты. Айтылып жаткан божомолдуу айыптоолор боюнча биздин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары жөнүндө дагы кеп болуп жатат. Ырас, биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн комиссияга мүчө болуп кирүүдөн баш тартууну туура көрдүм. Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы дагы окуяга ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм. Эгерде комиссия курамына кире турган болсом, “өзүнүн кызыкчылыгын коргоп жатат” деген түшүнбөстүк, шек саноолор сөзсүз болот деп ойлойм. Комиссиянын бейтараптуу чечим чыгаруусун камсыздоо максатында курамына кирбей турганымды расмий билдирем", - деп жазылат билдирүүдө.