Депутат Матраимов Саймаити жана аткезчилик тууралуу: "Бир каза болгон уйгурдун сөзүнө ишенип жаза бересиңерби?"

"Бир каза болгон уйгурдун сөзү менен ага ишенип жаза бересиңерби?", - деп бүгүн, 26-ноябрда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин, ошондой эле Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Искендер Матраимов билдирди.

Депутат Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакир Таировго кайрылып, "Азаттык" агенттигине Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн аткезчиликке тиешеси бар деп маалымат берип же бербегенине кызыкты.

"Бүгүн "Азаттыктан" Финполдун башчысы Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басарынын үй-бүлөсү аткезчиликке байланыштуу махинацияларга тиешеси бар деп жазып чыкты. Сиз ушуну тастыктап бересизби? Сиз ушул боюнча 5-6 ай иликтедиңиз, тастыктайсызбы? Алгач 700 миллион доллар деп айтылды, силер 932 миллион доллар деп айттыңар. Бул акчалар кайсы мамлекетке кеткенинен бери айтып бердиңер. Кантип мындай маалымат берип жатасыңар?", - деди Матраимов.

Буга Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Таиров: "Андай деп айткан эмесмин. Докладда андай деп айтылган эмес", - деди.

"Бул жерде көптөгөн журналисттер отурат, мага "Азаттыктан" ким экенин айтып койгулачы. Менин сурагым келгени бир нерсе жазаардан мурун тастыктап туруп анан жазбайсыңарбы? Каза болгон бир уйгурдун сөзү менен ага ишенип жаза бересиңерби? Мен сүйлөбөй эле коёюн дегем, бирок бул маалыматты окугандан кийин сүйлөгөнгө туура келди", - деп кошумчалады депутат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан