Түркиядагы «Yeniden Refah» саясий партиясы Анкара шаарында I Конгрессин өткөрдү. Партиянын Конгрессине 35 миңден ашык адам катышып, көп өлкөлөрдөн саясий лидерлер чакырылып, Кыргызстандын атынан “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов сыйлуу конок катары катышты. Бул тууралуу “Замандаш” партиясынын маалымат бөлүмүнөн ырасташты. Буга чейин Жеңиш Молдокматов өзүнүн фейсбук баракчасына аталган иш-чарага катышканын жарыялаган.
https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=805385136579369&id=100013236692540
Сүрөттө: Оңдон солго Dr.Fatih Erbakan, Жеңиш Молдокматов, Султан Абдулхамид IIнин небереси Абдулхамид Кейихан Османоглу
«Yeniden Refah» саясий партиясы көп жылдык тарыхы бар партиянын бири. Партиянын лидери Dr.Fatih Erbakan Түркиянын экс-премьер министри Necmettin Erbakanдын уулу. Necmettin Erbakan Түркиянын көптөгөн саясий-коомдук ишмерлерди тарбиялаган, дүйнөлүк лидерлердин катарына кирген күчтүү саясий ишмер болгон.
Ошондой эле аталган партиянын вице-президенти Doğan Bekin жеке баракчасы аркылуу Жеңиш Молдокматовго атайын куттуктоосун жазып калтырган.
https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=3166538656692971&id=100000106040065
“Кыргызстандын эң жаш лидери “Замандаш” партиясынын төрагасы, урматтуу Жеңиш Молдокматовго биздин Конгресске келип, катышып кеткени үчүн терең ыраазычылык билдиребиз”.