
DemirBankтын негизги акционери Халит Джынгыллыоглу мырза жана Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы Хасан Акчакаялыоглу мырза Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз Республикасына болгон сапарынын алкагында Түркиянын Президенти менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Түркиянын Президентине Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү жана инвестициялык потенциалы, DemirBankтын өлкөдөгү ишмердүүлүгү, биздин Топтун Кыргызстандагы инвестицияларынын кеңейиши, ошондой эле алдыдагы мезгилде ишке ашыруу пландалып жаткан жаңы долбоорлор тууралуу маалымат берилди.
Дээрлик 30 жылдан бери DemirBank Кыргызстандын каржы системасынын бир бөлүгү болуп, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Биз Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы салттуу достук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө, ошондой эле өз ара пайдалуу экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө сыймыктанабыз.
Кыргызстандын экономикалык потенциалын, туруктуу өнүгүүсүн жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалоо менен, DemirBank мындан ары да өз ишмердүүлүгүн ырааттуу кеңейтүүгө, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана өлкөгө узак мөөнөттүү инвестицияларды улантууга ниеттенүүдө.