Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан чыккан 2 депутаттын ордуна башка кесиптештери кирди

Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан чыккан 2 депутаттын ордуна башка кесиптештери кирди. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов билдирди.

"Депутаттык комиссиянын курамынан чыккан Искендер Матраимовдун ордуна Автандил Кулбараков кирди", - деди Өмүркулов.

Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов анын ордуна комиссиянын курамына кесиптеши Жаныбек Бакчиев келгенин жарыялады.

Айта кетсек, депутаттык комиссиянын экинчи отурумунда депутат Искендер Матраимов комиссиядан расмий түрдө чыкканын айткан болчу. Мындан сырткары, өз каалоосу менен Алтынбек Сулайманов да курамдан чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан