Ирина Карамушкина "президентке импичмент жарыялоо маалы келди" деп айтып, депутаттардын жемесине калды

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бир нече депутат аткезчилик, президентке импичмент жарыялоо керек деген билдирүү боюнча кеп козгоду.

Алгачкы сөздү депутат Ирина Карамушкина алды: "Өлкөдөн акча каражаттарын чыгаруу, Саймаитин өлүмү жана башка иштер боюнча Башкы прокуратуранын жана башка тиешелүү органдардын отчётун угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштайм. Суроо өтө көп, мунун баары президентке импичмент жарыялоого алып бара жатат.

Эмне болуп жатат? Эмне себептен эл аралык изилдөөлөр башка фактыларды айтып жатат. Ал эми бизде бардык жакта баары жакшы, аткезчилик, кылмыштуулук жок дешет. Эмнеге унчукпай жатасыңар? Эл аралык уюмдардын алдында уят болуп жатабыз".

Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Кой-Таштагы окуя боюнча да карап коюу керек. Ал жерде укук коргоо органдарынын командиринин орун басары өлүп жатат. Ал жерде бир киши эмес, адамдардын тобу тарабынан бул кылмыш жасалган. Бүгүнкү күндө ошол учурда сүйлөшүүгө чыгып жүргөн адамдарга укук коргоо органдары чара көрбөй жатат? Мындай болбошу керек", - деди.

Депутат Азамат Арапбаев Карамушкинага кайрылып: "Импичмент жарыялоо менен сиз бир нече жылга кечигип калдыңыз. Себеби Финполдун маалыматына ылайык, өлкөдөн чыгарылган каражаттар 2012-жылдан баштап 2017-жылга чейин чыгарылган. Сиз айткан нерселердин биринчи бөлүгү менен макулмун. Бирок калганына каршымын", - деди.

Депутат Алмазбек Токторов да Карамушкинага кайрылып: "Мен сизди көптөн бери тааныйм, сиз Атамбаевдин тарапташысыз. Эмне себептен уят жөнүндө сиз мурунку президенттин учурунда айткан эмессиз? Сиз боссуңузду коргоп жатасыз.Сиздин социалдык тармактагы билдирүүңүз, Кой-Таштагы айткан сөздөрүңөр баары чагымчылдык. Уят болушу керек да", - деди.

Ал эми депутат Аалы Карашев баарын маданияттуулукка чакырды. "Жөндөн жөн эле чыгып, ишенбестик көрсөтөбүз дегендин негизи жок" деди Карашев.

Депутат Карамушкина кайра сөз алып, эл өкүлдөрүнө жооп кайтарды: "Көрсө биздин өлкөдө көйгөйдүн баары Карамушкина турбайбы? Азыркы отургандардын жарымы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында да отурган, эмне себептен анда силер унчукпай отургансыңар?".

Депутат Дастан Бекешев жогорудагы сөздөрдү улап: "Кечээ эки комитет биригип өткөргөн отурумда катуу эле айттык. Токтомду даярдап палатага чыгаралы деп жатабыз. Аткезчилик боюнча маселени эртеңби же кийинки аптадабы сөзсүз карашыбыз керек. Үн катпай койсок, туура эмес болуп калат", - деди.

"700 миллион доллар кимдин маалында өлкөдөн чыгып кеткени баарыбызга белгилүү. Анын атын айткандан коркпошубуз керек, ал адам Алмазбек Атамбаев. Ал азыр түрмөдө. Бирок азыр эмне болуп жатат? Контрабанда токтоп калдыбы? Азыр баарыбыз чогулуп, аткезчиликти кан буугандай токтошубуз керек. Акаевдин тушунда "кошелёк" атыккан Муратбек Малабаевден баштап, Райымбек Матраимов, Адамкул Жунусов, түрмөдө отурган Кубанычбек Кулматовду кошуп, парламентке чакыралы", - деди депутат Жанар Акаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан