Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын экинчи отуруму болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Искендер Матраимов комиссиядан расмий түрдө чыкканын билдирди.
"Мен комиссиядан чыга турганымды социалдык тармактагы баракчама жазып чыккам. Регламентке ылайык, мен комиссиядан чыга турганымды жыйында билдиришим керек болчу", - деди ал.
Буга чейинки отурумда комиссиянын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланган болчу. Мындан сырткары, комиссиянын мүчөлүгүнөн депутат Алтынбек Сулайманов бул иште аты аталып калган үчүн комиссиядан расмий түрдө чыккан.