ЭЛДИК КАБАР: "Мектептеги жылуулук батареяларын да ата-энелер фондго акча төлөп жаңылоо керекпи?" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурман суроо менен кайрылды. Анын билдирүүсүнө ылайык, Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан №72 мектеп-гимназиясында жылуулук батареясы жарылып, иштебей жатат.

"Класс суук. 2-класстын мугалими бул абалга ата-энелерди себепкер деп жатат. Анын айтымында, ата-энелер фондго 4 миң 800 сомдон төлөбөй, жылуулук батареяларын жаңылоого мүмкүн болбой жатыптыр. Мектептеги жылуулук батареяларын да ата-энелер жаңылап бериши керекпи?" - деген суроону салат окурман.

"Супер-Инфо" гезитинин октябрь айындагы санына "Ата-энелер мектептеги фонддорго акча берүүгө милдеттүү эмес" деген макала чыккан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talant87
2019-12-01 17:03:21
Эми акча толоп уйго эле келип окутсун дейби 5-10 бала Бир кундон уйуно чакырса дейт мугалим
0
Kuttubek8483
2019-12-01 19:50:16
Балдарыбыздын ден соолугун ойлосок. Мамлекет качан ондойт деп кутпостон, оз каражатыбыздан ондойбуз да.
0
Tolkun555
2019-12-02 07:14:27
Кыргызстанда кудайга шугур. Россияда ото эле чогултмайы коп экен.
0
sely
2019-12-02 17:49:03
Tolkun555,кандайча сиз чон жанылышып жатасыз биз Москвада 2 ж жашап келдик бир жылына за нужды деп род.ком. 3000р берип журдук анын отчетун онлайн коруп турчубуз ал Эми мектепке бир тыйын толобой жадагалса многодетная семья аталып коптогон льготаларынан пайдаланып журдук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан