Талас шаарында 16 жаштагы кыз зордукталган. Окуя 24-ноябрга караган түнү орун алганын Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу шаардагы кесиптик колледждердин биринде билим алат.
"Кызды зордуктоого шектелип 2 жаран кармалды. Алардын бири 2001-жылы, экинчиси 2003-жылы туулган балдар. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деди маалымат кызматынан.