4-декабрь күнү аскердик бөлүктүн радиотелефонисти, ефрейтор Ш.у.А. полигондо машыгуу сабагынан кайтып келе жатып, кубаттуулугу күчтүү токко урунган. Начар көзөмөл үчүн Гүлчөдөгү №92843 аскердик бөлүктүн жана 8-гвардиялык дивизиянын командирлери кызматынан бошотулду. Маалыматты Башкы штабдын басма сөз кызматынан кабарлады.
Башкы Штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев ефрейтордун токко урунган окуясынан кийин Ошко барып жыйын өткөрдү. Анда Дүйшөнбиев аскер кызматын өтөп жаткандардын укугун көзөмөлдөө, алардын кызмат өтөөсү үчүн коопсуз шарт түзүүгө көңүл буруу керектигине басым жасады.
"Жыйындын соңунда 8-гвардиялык дивизиянын командири Бердибек Асанов жана Гүлчөдөгү № 92843 аскердик бөлүктүн командири Мелис Бошкоевди кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды. 8-гвардиялык дивизиянын командири болуп полковник Урматбек Исаков дайындалды", - деп билдирди маалымат кызматынан.