Экс-министр Ишенгүл Болжурова: "Идеологиябыз эмне, баалуулуктар кандай, келечек эмне болот, элибизди кантип сактап калышыбыз керек, рухту кантип байытабыз деп талкуулоо керек". КҮНСОБОЛ

Кечээ, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Тотонов идеологиялык иштерди жүргүзө турган, кыргыз элинин маданиятын, менталитетин жакшы түшүнгөн мамлекеттик катчы институтун кайрадан түзүүнү сунуштады. Ал коомчулукта ушундай суроо-талаптар пайда болгонун айтты.

SUPER.KG порталы "Парламентте мамлекеттик идеология көйгөйү көтөрүлүп, мамлекеттик катчынын институтун кайтаруу керектиги айтылды. Мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысыз эле жүргүзүүгө болбойбу?" деген собол салды.

Мурдагы билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысыз жүргүзүүгө болбой турганын айтты.

"Идеологиябыз эмне, баалуулуктар кандай, келечек эмне болот, элибизди кантип сактап калышыбыз керек, рухту кантип байытабыз деп талкуулоо керек. Ошонун баарын тең атайын бир топ чечмелеп, элдин алдына чыгарышы керек. Эл менен чогуу кеңешип, ошол идеологияны таратуу керек", - дейт Болжурова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан