Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектептерде мугалимдердин укугу тебеленүүдө. Тагыраагы, ден соолукка келтирилген зыян үчүн деп төлөнгөн кошумча акчаны кайтарып бергиле деп жатканын окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жөнөткөн.
"Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы информатика мугалимдеринен 2 жылдагы эмгек маянасына ден-соолугуна келтирилген зыян үчүн деп төлөнгөн кошумча каражатты кайтарып берүүсүн талап кылып жатышат.
Эмнеге кайтарып беришибиз керек десек, 15 пайыз кошулуп берилген каражат Экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын тийиштүү уруксаты жок Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин катачылыгы менен которулган дейт. Айрым мектептин мугалимдери деле кайтарып беришти, силер дагы бергиле деп жатат. Катачылык бизден кеткен жок да. Август айынан бери акчаны кайтаргыла деп жатышат", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.