"Чакыр атаңды, кел де". Интернетте баласын сабаган келиндин аты-жөнү такталды

Интернет тармактарына "Күйөөсүнө өчөшүп, аял балдарын сабап жатат" деген видео тарады. Видеодон баланы аял тилдеп, кулагынан тартып, кайра түртүп, уруп жатканы көрүнөт. Баланы сабап жаткан аялдын сөздөрүнө караганда, ал баланы күйөөсүнө өчөшүп сабаган. "Атаңа айт, апам сабап жатат де. Чакыр атаңды, кел де. Мен да таштап кетем сени", - деп тилдеп урган. Бул ортодо бала аялды "апа" деп атап ыйлап жатканы тартылган видеого.

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Азыркы учурда биздин кызматкерлер менен ички иштер органдарынын кызматкерлери бул окуя боюнча иштеп жатышат. Келин Өзгөн районунун тургуну. Жашы 30да. Ал ушул жылдын 8-ноябрында Орусия өлкөсүнө кеткен. Учурда ал маалымат дагы такталып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, келиндин коңшулары да таанышкан. Дагы маалымат берилет", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azizbek_Musabekovich
2019-12-13 17:45:58
кана аты?
-1
nurda00
2019-12-14 21:48:58
Коншулары да таанышкан??? Кошунасы тааныбаган жан барбы озу? Негизи кыргыздын жарымдан кобу эле таяк жеп чонойгон, азырда таяк жегендер аз эмес болгону ал нерселер видеого тушпой калат, куйо соройу ойнош ойноп сойрондоп кеткен онду, чакыр атанды кел де деп суйлогонуно караганда. Мен ал аялды актабайм. Ошол эле учурда куйоосуда виноват ошончолука жеткирген..
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан