14-декабрь күнү "Бишкек Парк" соода борборунда "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен жылдын мыктылары аныкталды. Жылдыздар алгач кызыл килемден өтүштү.
Алгач сахнага Кенже Дүйшеева чыгып, “Жаңы жылды тосолу” ырын аткарды. Анын артынан “Музаман” тобу жана Толгонай Арзыкеева “Happy New Year” (ABBA) ырын, Ильяз Андаш жана Курал Чокоев “Новогодняя” (“Дискотека Авария”) ырларынан поппури аткарышты.
Андан соң концерттин расмий ачылышы башталып, алпаруучулар Нурзат Токтосунова менен Чыңгыз Мырзаев сахнага чыгышты.
"Жылдын супер дебюту" наамынын талапкерлери көрсөтүлгөн слайд-шоу чоң экрандан көрсөтүлдү. Сахнага "Супер-Инфо” гезитинин коммерциялык директору Айсулуу Алимбекова чыгып, "Жылдын супер дебюту" наамы боюнча ат салышкан ырчылардын арасынан эң көп добушка ээ болгон Айзада Жамгырчиеваны чакырды. Айзада "мен алгач наамга илингениме сүйүнгөм. Жеңишти күткөн эмесмин" деп кубанычын жашыра алган жок.
Кийинки кезек "Жылдын супер ыры" наамында. Эки ырчы тең мекенден алыс, бири АКШда, бири Испанияда жашап, "Жаным, жаным" аттуу ыр жаздырышкан. Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун аткаруусундагы аталган ыр жыл бою радиолордон, теле каналдардан жаңырып турду. Калың катмардын сүйүктүү ырына айланган "Жаным, жаным" ыры эң көп добуш алып, "Жылдын супер ыры" наамы аталды. Сыйлыкты Кенже Дүйшеева эки ырчынын өкүлдөрүнө тапшырды. Экрандан мекендештерибиздин күйөрмандарына, калың журтка ыраазычылыгын айткан видеокайрылуусу көрсөтүлдү.
"Жылдын супер балбаны" наамы кыргыздын сыймыгы, балбан кызы Айсулуу Тыныбековага тапшырылды. Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун жана Бээжин Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Канатбек Бегалиевге ыйгарды.
"Жылдын супер көк бөрүчүсү" наамына талапкерлер добушка коюлары менен Манас Ниязов эч кимди астына салган жок. Андыктан "Жылдын супер көк бөрүчүсү" талашсыз Манас Ниязов болду.
Быйыл куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Гүлжигит Алыкулов футбол жаатында чоң ийгиликтерге жетише алды. "Жылдын супер футболчусу" наамы быйыл кыргыз футболун алга сүрөгөн футбол жылдызы Гүлжигит Алыкуловго буюрду. Гүлжигитке сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов тапшырды.