"Супер концерттин" акыркы бөлүгү сюрприздерге бай болду. Кино жаатында быйыл режиссёр, актёр Бакыт Осмонканов үзүрлүү эмгектенгени байкалды. Анын себебин төмөндөн окуйсуз.
"Жылдын супер актрисасы" наамына талапкерлердин арасынан Альбина Имашова суурулуп чыгып, жеңишке жетишти.
"Былтыр да "Жылдын супер актрисасы" наамын алдым эле. Эки ирет мыкты аталуу мен үчүн чоң сыймык", - дейт Имашова.
Ал эми "Жылдын супер актёру" наамын "Такебай" тасмасында башкы каармандын ролун жараткан актёр Аскат Сулайманов илип кетти. Актёр шаарда болбогонуна байланыштуу наамды тасманын режиссёру Бакыт Осмонканов алды. Наамды Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетова тапшырды.
Ошентип Бакыт Осмонкановдун "Такебай" тасмасынын баш каармандары эки сыйлыкты тең алышса, тасма да четте калбай "Жылдын супер тасмасы" аталды. Сыйлыкты белгилүү режиссёр Ырысбек Жабиров тапшырды.
Концертте конок катары ырдап келген ырчылар үчүн да сюрприз бар болчу. "Дадагаң болуп кетейин" деп созолонткон "Музаман" тобуна быйыл өзгөчө сыйлык "Жылдын супер тобу" берилди. Жигиттерге наамды “Супер ТВ” компаниясынын директору Гүлзат Мамытканова ыйгарды.
Концерттик программаны ырчы Анжелика кызы Айыма менен улап, дуэт аткарышты. Айыма "Супердин" тандоосу менен "Жаш талант" наамынын ээси болду. Ага сыйлыкты "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Автандил Добулбеков ыйгарды.
Жыл сайын ар ким өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу жыйынтык чыгарса керек. Быйыл Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова активдүү ишмердүүлүгү менен айырмаланды. Ташкентте, Москвадагы Кремлде концерт берди. Күйөрмандары да ырчынын эмгегин баалап, аны "Жылдын супер ырчы айымы" деп табышты. Самара учурда Орусияда болгонундугуна байланыштуу анын менеджери келип, наамды SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушованын колунан алып кетти.
"Жылдын супер ырчы мырзасы" наамы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековго ыйгарылды. Сыйлыкты “Супер-Инфо” гезитинин директору Шайиста Шатманова тапшырды. "Аябай кубанып жатам, бир чети толкунданып да жатам. Бул жеңиш меники эмес, элдики" деген Сатыбеков көрүүчүлөргө "Сагынам" ырынын жаңы версиясын тартуулап өттү.
Эми концерттин кульминациясына кезек келип жетти. "Супер ырчы мырзасына" ат салышкан Нурлан Насипти өзгөчө сюрприз күтүп турган. Буга чейин 4 ирет "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамын алган Нурланга быйыл "Заманыбыздын ырчы мырзасы" наамы ыйгарылды. Сыйлыкты “Супер-Инфо” гезитинин директору Шайиста Шатманова жана SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова тапшырды.
Ошентип сыйлыктар өз дарегине жетип, "Супер тандоо" жыйынтыкталарда салтка айланган "Супер-Инфо" гезитинин гимни жаңырды. Гимнди Чолпон Талипбек, Добр, Нурлан Насип, Асел Кадырбекова жана Марс аткарышты.
"Жылдын суперлерин тандоо" сыйлык тапшыруу аземин өткөрүүгө көмөк көрсөткөн "Бишкек парк" соода борборуна ыраазычылык билдиребиз!