Босогодо Чычкан жылы. Кожойкелер Жаңы жылдык дасторконду кантип кооздосом, эмнелерди даярдасам деп турган чагы. Чыгыш жыл сүрүүсү боюнча, чычкан назик, көпчүлүктү, оомал-чачмал дүйнөнү жактырган, табити мыкты жандык катары мүнөздөлөт. Андыктан жаңы жылдык дасторконду, бөлмөнү кооздоодо ак түскө басым (идиш-аяктар, дасторкон) жасап, дасторконго азыктардан каалаган нерселерди коюуга болот. Өзгөчө сыр, жумуртка, эт азыктарынан жасалган даамдар эч бир чычканды капа кылбайт. Жаңы жылдык дасторкондун көркүн ача турган тамактардын рецебин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№894, 19-декабрь, 2019-жыл) таба аласыз.