ЭЛДИК КАБАР: "Жалал-Абадда 3 унаа кагышып, айдоочу жаракат алды" дейт окурман

Бүгүн, 19-декабрь күнү Жалал-Абад шаарында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө билдирди.

"Бүгүн Жалад-Абад шаарынын Спутник кичи районунда 3 унаа кагышты. Матиз үлгүсүндөгү автоунаа туура эмес жерден бурулуп жатканда, катуу ылдамдыкта келе жаткан Субару Легаси үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кетти. Жыйынтыгында Мазда эки айланып барып, жол четинде турган Мерседес-Бенц Спринтер унаасына тийген. Матиздин айдоочусу катуу жаракат алганына байланыштуу Жалал-Абад облустук ооруканасына алып кетишти. Учурда МАИ кызматкерлери келип, териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан