Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы жыл жыйынтыгын чыгарды. Топ кубалаган футболчулар кычыраган костюм-шым кийип келишти. Аземден кызыктуу көз ирмемдер

Кечээ, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы жыл мыктыларына сыйлык тапшырды. Азем Бишкек шаарындагы "Sheraton" мейманканасында өтүп, катышуучулар жана коноктор black tie (ред. расмий иш-чараларга жана салтанаттарга каралган кара костюм-шым) дресс-кодуна ылайык кийинип келишти. Жашыл талаада топ кубалаган футболчуларды кычыраган костюм-шым менен көргөн көздөр кубанды.



Сыйлык тапшыруу аземин Футбол федерациясынын президенти Канат Маматов ачты. "2019-жыл кыргыз футболу үчүн чоң жаңылыктар менен коштолду. Азия Кубогундагы оюндар, тандап алуу турундагы беттештер. Бүгүн мыктылар өз сыйлыктарын алышты. 2020-жылы улуттук курама команда үчүн жоопкерчиликтүү беттештер күтүп турат. Мьянма, Монголия жана Япония менен татыктуу беттештерди өткөрүшүбүз керек", - деди ал.

Алпаруучулук тизгин Алтын Камчиев менен Айгүл Курмановага тапшырылды.

Мирбек Атабеков патриоттук духту көтөргөн "Мурас" ырын аткарды.

Комузчу Назбек Кенчинбаев ачкан "Кенч" тобу өз чыгармачылыгын тартуулады.
"Музаман" тобу "Биздин ураан" аталышындагы ырын аткарды.

FFKR Football Awards 2019 иш-чарасында жалпы 9 номинацияда мыктылар аныкталды.

"Футбол боюнча мыкты машыктыруучу" сыйлыгын Александр Крестинин алды. "2019-жыл биз үчүн жемиштүү болду. Азия чемпиондугуна чыкканыбыз жана анда оюн көрсөткүнүбүз биз үчүн сыймык. Ушуну менен токтоп калбайбыз. 2020-жылкы оюндарга даярдыгыбыз күч", - деди ал.



"Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу" Гүлжигит Алыкулов аталды. "Сыйлык алуу мен үчүн күтүүсүз болду. Номинанттар күчтүү болчу. Кичин же Бернхардт алат го деп ойлогом. Бул сыйлык мен үчүн чоң жоопкерчилик болот", - деди сыйлык ээси.





Профессионалдык лиганын мыкты футболчусу" (Кыргыз Премьер-Лигасынын мыкты футболчусу) - Фархат Мусабеков. Анын айтымында, жеңүүчү болуп аталууга КПЛдин ар бир футболчусу татыктуу. "Анткени футбол - бул командалык оюн. Бизге дайыма колдоо көрсөткөн күйөрмандарга ыраазычылык билдирем", - деди Мусабеков.



"Футбол боюнча мыкты калыс" - Сергей Грищенко.



"Футзал боюнча мыкты машыктыруучу" - Данияр Абдыраимов.

"Футзал боюнча мыкты оюнчу" - Максат Алимов.



"Футзал боюнча мыкты калыс" - Нурдин Букуев.

"Мыкты команда" - 15 жашка чейинки кыз-келиндер арасында улуттук командасы болду. "Бул жылы тандоодо улуулар менен тең тайлашып "мыкты команда" наам үчүн ат салышканыбыздын өзү сыймык! Жеңип аларыбызды күткөн эмеспиз. Натыйжа көрсөтүп жатканыбызга машыктыруучубуз себепкер. Ага ыраазычылык билдиребиз", - дешти команданын мүчөлөрү.



"Мыкты аймактык ассоциация" - Ысык-Көл.



Аземде атайын сыйлык да тапшырылды. Тагыраагы белгилүү рефери Бахадыр Кочкаровго "Футбол доору" сыйлыгы тапшырылды. "Футбол - мыкты оюн. Балдарды футболго берүү керек. Алар өлкөнүн желегин желбиретишет", - деди Кочкаров.




Сыйлык тапшыруу аземине футбол үчүн күйүп-бышкандар менен катар саясатчылар, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү да конок болуп чакырылды. Алардын айрымдарына ыраазычылык каттар тапшырылды.

Футболдук беттештерге барып жүргөндөр бул фанатты жазбай таанышат. Ал - түркиялык Али Салих Ифлаз оглу. Ал Бишкек шаарында ашпозчу болуп иштейт жана кыргыз футболчуларынын бир да оюнун өткөрүп жибербей, эки өлкөнүн желегин желбиретип, курама командага жан дилинен күйөрмандык кылат. Федерация тарабынан чет өлкөлүк болгонуна карабай жүрөгү кыргыз футболу деп соккон мындай күйөрман көз жаздымда калган жок.

Гүлжигит Алыкулов "Жылдын мыкты футболчусу" аталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
knk
2019-12-24 12:40:22
Эң жакшы иш чара болуптур. Бирок сертификаттарды кыргызча эле жазып берсе болмок экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан