SUPER.KG порталы кыргыз элин Жаңы 2020-жылы менен куттуктайт!

SUPER.KG порталы кыргыз элин Жаңы 2020-жылы менен куттуктайт! Жаңы жыл эң байыркы майрамдардын бири болуп эсептелет. Бул күндү адамзат жаңы үмүт, жакшы тилектер менен тосот. Жаңы жылды тосуу көпчүлүк үчүн өзгөчө майрам.

Доңуз жылын узатып, чычкан жылын тосуп алдык. Жаңы жыл жакшылыктарды, ийгиликтерди алып келсин. Элибизге биримдик, жерибизге береке берсин. Бул жылы бардык жарандардын тилеги орундалсын.

Жаңы жылда баарыңыздарга чын ден соолук, бакыт-таалай каалайбыз! Жүрөгүңөрдө дайыма жакшылык толуп, ар дайым үмүт өчпөй жанып турсун. Бул жыл ар бирибиз үчүн алгылыктуу жана бакубат жылдардан болсун!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан