Жокердин ролун ийине жеткире аткарган актёр "Алтын глобус" сыйлыгын алды. Бул сыйлык дагы кимдерге берилди?

"Алтын глобус" сыйлыгы менен жыл сайын кинематография тармагында өзгөчөлөнгөн актёрлор, актрисалар, режиссёрлор жана музыканттардын эң мыктылары сыйланышат. Бул жылы сыйлык тапшыруу аземи Лос-Анжелесте 77-жолу болуп өттү. Лауреаттар 100дөн ашык калыстар тарабынан тандалып алынат.

Ага ылайык, иш-чаранын триумфатору Квентин Тарантинонун "Бир жолу Голливудда... " ("Однажды… в Голливуде") тасмасы аталды. Бул тасма бир учурда 3 сыйлыкты "Эң мыкты сценарий", "Эң мыкты музыкалык жана комедиялык тасма" жана "Экинчи пландагы эң мыкты актёр" наамын багындырды. Ал эми экиден наамды "Жокер", "Рокетмен" жана "1917" тасмалары алышкан. Мындан сырткары, сериалдардын эң мыктысы катары "Чернобыль" жана "Жийиркеничтүү кыз" ("Дрянь") табылган. Алар экиден Алтын глобуска ээ болушту.

Америкалык актриса, ырчы жана алпаруучу Кэрол Бёрнет атындагы наам актриса жана теле алпаруучу Эллен Деженереске тапшырылды.

Кинематография тармагына кошкон салымы үчүн бул жылы 63 жаштагы Том Хэнкс сыйланды.

Сыйлыктар:

"Эң мыкты драмалык тасма" - "1917".

"Эң мыкты телесериал же мини-сериал" - "Чернобыль".

"Эң мыкты музыкалык же комедиялык тасма" - "Бир жолу Голливудда... ".

"Эң мыкты режиссёр" - Сэм Мендес - "1917" тасмасы үчүн сыйланды.

"Драмалык тасмадагы эң мыкты актёр" - Хоакин Феникс "Жокер" тасмасындагы ролу үчүн алды.

"Драмалык тасмадагы эң мыкты актриса" - Рене Зеллвегер "Жуди" тасмасындагы ролу үчүн алды.

"Мюзикл же комедиядагы эң мыкты актёр" - Тэрон Эжертон "Рокетмен" тасмасындагы ролу үчүн сыйланды.

"Мюзикл же комедиядагы эң мыкты актриса" - Аквафина "Коштошуу" ("Прощание") тасмасындагы ролу үчүн алды.

"Экинчи пландагы эң мыкты актёр" - Брэд Питт "Бир жолу Голливудда..." тасмасындагы ролу үчүн сыйланды.

"Экинчи пландагы эң мыкты актриса" - Лора Дерн "Нике окуясы" ("Брачная история") тасмасындагы ролу үчүн алды.

"Мини-сериалдагы эң мыкты актёр" - Рассел Кроу "Эң бийик үн" ("Самый громкий голос") сериалындагы ролу үчүн сыйланды.

"Мини-сериалдагы эң мыкты актриса" - Мишель Уильямс "Фосси" сериалындагы ролу үчүн алды.

"Эң оргиналдуу музыка" - Хильдур Гуднадоуттир ("Жокер").

"Эң мыкты ыр" - (I'm Gonna) Love Me Again ("Рокетмен"). Авторлору - Элтон Жон менен Берни Топин.

"Эң мыкты анимациялык тасма" - "Жоголгон звено" ("Потерянное звено").

"Чет тилиндеги эң мыкты тасма" - "Паразиттер" ("Паразиты").
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан