Нарын облусунун Кочкор районунда 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүндө табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кочкор районунун "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Анда ал Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келинди үйүнө көрөлү деп барганда, келин каза болуп калыптыр деген билдирүүнү айткан.
Бул факты Кочкор РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, төмөндөгүлөрдү аныктаган.
"Ыкчам иликтөө тобу барганда 37 жаштагы келин үйүнүн уктоочу бөлмөсүндөгү диванда чалкасынан жаткан абалда табылган. Жансыз денени сыртынан кароо жүргүзгөн учурда оң жак көзү, чыкый тарабы кичине көгөргөндүгү байкалган. Жогорудагы көрсөтүлгөн даректе маркум жолдошу менен жашап келген. Алардын бир кыз, бир уулу бар болгон. Балдары ал учурда таятасынын үйүндө болушкан. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун жолдошу келинчеги экөө үйүндө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялын эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракуш тушуна бир жолу бут менен тээп жибергендигин көрсөткөн. С.Ж.нын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши башталган", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.