Өкмөт: "Январдын соңунда "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинин курулуш иши башталат"

Кыргыз-Казак мамлекеттеринин ортосундагы макулдашууга ылайык, 2020-жылдын январь айынын аягында "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинин курулуш иши башталат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган бекетти модернизациялоо жана реконструкциялоо маселеси боюнча өткөн кеңешмеде билдиргенин бүгүн, 6-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Баарыбыз ушул көзөмөл-өткөрүү жайы эң жандуу пункттардын бири экенин жакшы билебиз. Ошондуктан бардык иштер тез жана өз мөөнөтүндө бүтүшү керек. Ошол эле учурда оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда мамлекеттик чек арадан жөө өткөндөр үчүн убактылуу көпүрө куруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу шарт. Автотранспорт үчүн чек ара жабык болорун жана унаалардын агымы башка жакынкы көзөмөл-өткөрүү жайларына багыт аларын эске алып, чек ара кызматынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү зарыл. Бул иштер бардык жарандарга шарттарды түзүү үчүн жасалууда", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жасалган иштер бардык курулуш ченемдерине жооп бериш керектигин белгиледи.

"План боюнча өткөрүү жайы заманбап болушу зарыл. Мында кеңейтилген административдик блок гана эмес, спорттук шаарча, чакан кинологиялык борбор, катарга туруу аянты, унаа токтотуучу жай болуп, жол бети кеңейтилет. Ошентип көзөмөл-өткөрмө жайында кызмат өтөөгө бардык шарттар түзүлөт. Биз бул аркылуу чек арадан өтүү үчүн өзүбүздүн жарандарыбызга жана меймандарыбызга шарттарды жакшыртабыз. Чек ара - бул ар бир мамлекеттин дарбазасы, ошондуктан иш жогорку деңгээлде аткарылууга тийиш", - деди премьер-министр жана курулуштун жүрүшүн жеке өзү көзөмөлдөй турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Agayu
2020-01-06 20:40:27
Супер инфо силерден сураныч Бишкектеги метронун курулушу башталат бекен ? Ошону аныктап бергилечи !!!!
+2
Agayu
2020-01-06 20:45:47
Туура Россия Казахстандан кирип өз үйүңө келгенде атмосфера өтө башкача болот.Кедей мамлекетте жашаганың сраз бир көрүп , бир дем алганда сезесиңго чиркин..
0
Kyrgyz_bloger
2020-01-07 01:36:50
Ушул чек арада тейлоо ото начар айрыкча кыргыз тарапта,воскрсенье куну кечинде келе жаткам Алматыдан,базарчылар дагы абдан коп келет экен Бишкеке,казактардан тезирак отуп,озубуздуконо келгенде таш бака болуп калдык,эки акошка бар экен,бироо эле иштеп,бирооно адам коптон кийин келди,заманбап кылабыз камера коебуз деп ооз коптурбой адамдарды тез откоро турган кылып,кобуроок акошка кылбайсынарбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан