Кытайдын Ухан шаарында сырдуу дем алуу жолдорунун оорусуна чалдыккандардын саны 59га жетти. Оорунун себеби азырынча тактала электигин чет элдик басылмалар жазышууда.
Ухан шаарынын саламаттыкты сактоо кызматкерлери билдиргендей, 7 адам оор абалда жатат.
“Кытайдын бул багытта иш алып барган тармагы декабрдын аягында Уханда пневмония оорусунун белгисиз түрү күч алганын билдирген. 2020-жылдын 3-январына карата шаар ичинде вирустук пневмониянын 44 учуру катталганы айтылган. Айрым дарыгерлер бул сырдуу оору сасык тумоо, куш тумоосу же аденовирус болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан. Бирок жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматкерлери мындай маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын белгилешкен. Ал эми Гонконгдун жергиликтүү бийлиги “жаңы пневмония түрү” делген оорунун өткөн айдан бери 15 кишиде катталганын маалымдашкан”, - деп жазылат маалыматта.
Учурда бардык бейтаптар дарылануудан өтүп жатканы белгилүү болду.