“Бүгүн, 27-февралда эртең менен Италиядан 2 Кыргыз жараны өлкөгө келсе, аэропорттон тепловизор менен текшерип эле жөнөтүптүр”, - деп Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов билдирди.
"Кечээ күнү Жогорку Кеңеш коронавирус боюнча маалымат угуп жатканда вице-премьер-министр, саламаттыкты сактоо министри келип коронавирус жайылган өлкөлөрдөн келгендерди ооруканага жаткырып 3 күн текшерилет деп айтышкан. Эгер белгилери аныкталса, 14 күн кармаларын белгилешкен. Бүгүн, 27-февралда эртең менен Италиядан 2 Кыргыз жараны өлкөгө келсе, аэропорттон тепловизор менен текшерип эле жөнөтүптүр. Аларды туугандары жугуштуу оорулар ооруканасына алып барса, дене табын текшерип кайра жөнөтүптүр. Эгерде ушундай шалаакылык кылышса кырылып калабыз го", - деди депутат.
Түшкү тыныгуудан кийин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул боюнча маалымат такталып жатканын айтты.