Бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 1616 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 3 миң 935 бейтап стационарда дарыланып жатса, 13 миң 272 адам амбулатордук түрдө дарыланууда.
Өлкө боюнча жалпы 138 миң 316 бейтап оорудан сакайып чыкты.