Казакстан жана Кыргыз өлкөсү пневмония илдетинен катталгандарды жалпы COVID-19 статистикасына кошуп берет. Бул тууралуу Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой брифинг учурунда айтканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстан пневмония жана коронавирус инфекциясы менен ооругандарды COVID-19 илдетинин жалпы статистикасына 1-августтан баштап бириктирет.
"COVID-19 оорусу жана өлүмү боюнча статистикалык маалыматтар эки маалымат булактарынан түзүлөт: коронавирустун лабораториялык тастыкталганы жана белгисиз вирустук пневмониядан. Оорулардын эл аралык классификациясынын жаңы коддорун колдонуу менен COVID-19 кодировкасына толук өтүү 1-августтан баштап жүргүзүлөт", - деген Алексей Цой.
"Казакстанда жыл башынан бери 234 миң 187 адам пневмония менен катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,3 эсе жогору болгон.
Коңшу Кыргыз өлкөсү бүгүнтөн баштап Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптарын эске алып, пневмониянын жана коронавирус боюнча жалпы статистиканы бириктирди. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жума күнү өлкөдө жалпы 23 миң 783 адамдан коронавирус аныкталса, пневмониядан жана коронавирустан 785 адам каза болгон деп билдирген", - деп жазылат маалыматта.
Акыркы маалыматка караганда, Казакстанда коронавируска 66 миң 895 адам кабылса, тилекке каршы, 464 жаран кайтыш болгон.