"Factcheck" сайтынын редакторун белгисиз адамдар токмоктоп, телефонун тартып алышты

Бүгүн, 9-январда "Factcheck" сайтынын редактору Болот Темировду белгисиз адамдар ур-токмокко алышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлады.

"Нөөмөт бөлүмгө саат 12:45те билдирүү келип түштү. Анда Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуу менен журналист Болот Темировдун уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткендиги маалымдалды.

Жерине Биринчи Май РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат", - деди басма сөз кызматынан

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Jaznura
2020-01-09 14:10:28
Адамдардын аброюна шек келтирген маалыматтарды тараткан болсо ушундай кылат да.
-1
yrmat88
2020-01-09 14:27:50
Jaznura,
Азыр Сооронбайдын тушунда эн бир жаман, адилетсиз окуялар болуп жатат. Сооронбай Жээнбеков коррупционерлерди коргоонун атасы болду. Ачык жазган журналисттерди коркутуп уркутуп, сабап кетип жатышат. Раиммиллионду камаш керек. Раим уурунун приказы м-н жашап калдыкпы. Соке экоо биригип алып таш олконун талканын чыгарып жатышат.
+4
Jaznura
2020-01-09 14:40:24
yrmat88, Атамбаевдин убагында журналисттерди доого жыгып, 7-канал сыяктуу каналды ачык эле тартып алган. Азаттыкты сатып алган. Көк мээ.
-4
filis
2020-01-09 14:50:58
Jaznura,
Сокен кетсин. Короюн деген козубуз жок.
+2
chake
2020-01-09 14:12:13
Болот Темиров президентти бир да жолу сындаган эмес, Бакиевдин доору деп былжырабагыла! АШАнын доорунда Атамбаевди сындаган далай журналист токмоктолгон, соттолгон, миллиондогон доого жыгылган! Адилет Айтикеев АШАнын желдеттери тарабынан сабалган! Акыры Америкага качууга аргасыз кылган
-1
Mirlan27011987
2020-01-09 15:13:54
chake,
Сооронбай Жээнбековтун мурдуна суу жетейин деп калды. Реалдуу турмушта Соке өз милдетин аткара албай, баардык системаны туташ кризиске алып баратканы жалганбы?
+2
Absamat-90
2020-01-09 14:16:56
Жокту бар кылып жазса анан таяк жейт да.Азыр копчулук журналистер этиканы сактабайт. "Өз атасы зордуктап кетти" деген кабарлар биздин мамлекетибиздин беделине доо кетирет. Себеби, бизден чыккан маалыматтарды башка мамлекеттин ЖМКлары да которуп, жарыялап жатат. Эртең мамлекетибизди башкалар зордукчулардын, киши өлтүргүчтөрдүн өлкөсүндөй кабыл албашы керек.Абай Нур Большевиков туура айтат.
-3
Alimbek1000
2020-01-09 14:18:37
Болот Темиров ойношу менен акыркы убактарда келише албай жургон экен мамилеси сууп. Анан ал ойношу спортсмен жигиттерге салып бериптир. Алар эскертуу беришкен экен бирок эскертуу пайд бербеген соң сабап кетишиптир. Кыскасы бир неменин артынан чыгыптыр да бул кырдаал
-3
filis
2020-01-09 14:36:42
Жашыруун эмес. Учурда элдин баардыгы Сооронбай менен Асылбек Жээнбековко кыжыры кайнап турат. Нааразы тараптар арбын. Элдин бөлүнүүсү да байкалып турат. Сооронбай кетпесе болбойт. Болбосо Асылбек Раимуурулар элибизди сызга олтургузат.
+5
Jaznura
2020-01-09 14:42:15
filis,көк мээсиң го даана.
-5
chake
2020-01-09 14:44:30
filis, Сен Президентти сүйлөөрдөн мурда алдагы кебетенди бир күзгүдөн көрүп туруп анан былжырачы бүгүн АШАнын убагындагыдай заман окүм сургондо журналистер миллион сом доого жыгылып баары оозун тыйып калмак
-6
Tolik777
2020-01-09 15:49:06
Раим акам негизи маладес экен. Баш которгондун баарын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан